Башкы беткеМинистрлер кабинетиШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына 600дөн ашуун медик тартылып, мобилдик госпиталь уюштурулат

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарына 600дөн ашуун медик тартылып, мобилдик госпиталь уюштурулат

Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө медициналык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Алдыдагы иш-чараларга байланыштуу медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана кызматтардын өз ара иштешүүсү Саламаттык сактоо министрлигинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Оюндар өтүүчү аянтчаларда медициналык пункттар, мобилдик медициналык бөлүмдөр жана госпиталь уюштурулат. Мындан тышкары, тез медициналык жардам бригадалары күчөтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оюндар учурунда өзүнүн мобилдик госпиталын медициналык жардам көрсөтүү үчүн убактылуу берет. Госпиталь шашылыш жардам көрсөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө пайдаланылат.

Эл аралык иш-чараларга медициналык кызмат көрсөтүүгө 600дөн ашуун адисти тартуу пландалууда. Алардын арасында тез жардам бригадалары, дарыгерлер, медициналык кызматкерлер, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл адистери жана башка тармактын өкүлдөрү бар.

Ошондой эле медициналык кызматтардын ишин күнү-түнү координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Медициналык бригадалардын, дары-дармектердин, жабдуулардын жана жеке коргонуу каражаттарынын резерви даярдалды.

Иш-чаралардын жүрүшүндө массалык кайрылууларга, жаракат алуу, уулануу жана инфекциялык оорулардын жайылышы сыяктуу учурларга медициналык уюмдардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулат.

Мындан тышкары, катышуучулар менен коноктор жайгашкан жайларда, тамактануучу объектилерде жана башка маанилүү аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлөт. Ичүүчү суунун сапаты да көзөмөлдөнөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар