Ош шаарындагы К. Баялинов көчөсүнүн курулушу аяктап, жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мериядан билдиришти.
Көчөнүн курулуш иштери бир ай мурда башталган. Жолдун эки тарабына тротуарлар, жашыл аймактар жана ирригациялык тармактар курулган. Ошондой эле автоунаалар үчүн токтотуучу жайлар уюштурулган.
Көчөдө мейманкана, банк жана мамлекеттик маанидеги бир катар объектилер жайгашкан.
Көчөнүн ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышты.



