Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө селден коргоочу канал курулууда

Ысык-Көлдө селден коргоочу канал курулууда

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жана суу ташкынынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Министр Ысык-Көл районунун Темир айылындагы курулуп жаткан Арчалуу сел өткөрүүчү каналынын курулушун көрүп чыкты. Каналдын жалпы узундугу 2040 метрди түзүп, анын нугуна 11 ички көпүрө курулат. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашуун турак үй, ички чарбалык жолдор жана Бишкек–Каракол автожолунун 600 метр тилкеси сел коркунучунан корголот.

Ошондой эле Кашат айылында Чоң-Ак-Суу дарыясынын турак үйлөргө жакын тилкесинде жээктерди бекемдөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды. Учурда дарыянын 1000 метрлик бөлүгүнүн оң жана сол жээктерин таш менен бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган иштер аяктаганда дарыяга жакын жайгашкан турак үйлөр, 5 гектар айдоо аянты, конок үйлөр, эки ишкана, көп жылдык мөмө бактары жана Бишкек–Каракол автожолунун 200 метр тилкеси суу ташкынынан корголот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар