Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн туристтик компаниялардын сунуштарына саресеп салууну улантууда.
Маалыматка ылайык, 25-августтан 10-сентябрга чейин туристтик багыттар жана эс алуу программалары боюнча сунуштар каралат.
Алардын арасында KyrgyzWorldtrip туристтик компаниясы да бар. Компания ички жана чет өлкөлүк багыттар боюнча турларды сунуштайт.
Чет өлкөлүк багыттардын катарында Алматы, Ташкент, Самарканд жана Бухара шаарларына сапарлар бар.
Кыргызстан боюнча туристтик программаларга Көл-Төр, Ала-Арча, Сары-Челек, Соң-Көл, Кел-Суу, Ала-Көл жана Алтын-Арашан багыттары киргизилген. Ошондой эле ат менен жүрүү жана айкалыштырылган турлар сунушталууда.
Компаниянын маалыматына ылайык, турларды алдын ала брондогон кардарларга BISHKEK-VIK промокоду аркылуу 10%га чейин арзандатуу каралган.



