Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-августта АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капурду кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Жолугушууда кыргыз-америка мамилелеринин учурдагы абалы жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Тараптар санкция маселелери боюнча өз ара аракеттенүү, ошондой эле визалык жол-жоболор жана визалык кепилдик төлөмдөрүн киргизүүгө байланышкан маселелерди карашты.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен АКШнын эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтыгына көңүл бурулду. Америкалык тарап Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышын куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы байланыштарды жана эки тараптуу иш-чаралардын графигин да талкуулашты.



