Башкы беткеПрезидентОрунбеков: “Кенжебаевдин айткандары жалган, манипуляция жана курулай доомат”

Орунбеков: “Кенжебаевдин айткандары жалган, манипуляция жана курулай доомат”

Социалдык тармактардагы Сыргак Кенжебаевдин видео кайрылуусуна Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жооп берди.

Анын айтымында, Кенжебаевдин келтирген мисалдары бүт жалган, манипуляция жана курулай доомат. Ал 2020-жылга чейин бажы тармагынан бюджетке жылына 20 млрд сомдун тегерегинде каражат түшчү. Учурда мурда бир жылда чогултулган каражат бир айда топтолуп жатканын белгиледи.

“2021-жылдан тарта бажы кирешелери кескин жогорулаган. 2026-жылга 161,5 млрд сомдук план коюлуп, ай сайынкы төлөмдөр белгиленген көрсөткүчтөн ашыкча аткарылып жатат. Демек, бул тармакта реформа жүргүзүлдү жана эч кандай күмөн саноого негиз жок», — деди Орунбеков.

Анын айтымында, учурда бажы кызматынын иши кырдаалдык борбор аркылуу онлайн режиминде көзөмөлдөнүп жатат.

«Азыр эч ким эч кимди алдай албайт, анткени кырдаалдык борбор иштеп жатат. Баары онлайн режиминде көзөмөлдөнөт. Бажыда эч кандай схемалар жок. Ага Президент да, министрлер кабинетинин төрагасы да, укук коргоо органдары да көз салып турат», — деди Орунбеков.

Ал өз билдирүүсүнө кеңири түшүндүрмөлөр камтылган видеону да жарыялады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар