Башкы беткеМинистрлер кабинетиКышында Кыргызстан 4,1 млрд кВтс электр энергиясын импорттойт

Кышында Кыргызстан 4,1 млрд кВтс электр энергиясын импорттойт

Кыргызстанда 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт⋅саатка жетери күтүлүүдө. Анын 15,5 млрд кВт⋅сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, 4,1 млрд кВт⋅саат электр энергиясы импорттолот. Бул тууралуу 10-августта өткөн республикалык штабдын жыйынында маалымдалды.

Жыйында өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси каралды. Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков төрагалык кылды.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу аз болууда. Буга байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо жана сууну үнөмдүү пайдалануу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборундагы оңдоо иштерин белгиленген график боюнча аяктоо тапшырылды.

Кышкы мезгилге республика боюнча 45,5 миң тонна мазут жана 3 млн 408,5 миң тонна көмүр керектелери болжолдонууда. Отундун тиешелүү көлөмүн кампаларга жеткирүү иштери жүрүп, көмүр боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдер түзүлүүдө.

Жыйында Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын, аймактардагы муниципалдык ишканалардын, ошондой эле бюджеттик мекемелердин кышка даярдыгы да талкууланды.

Жыйындын соңунда тиешелүү жетекчилерге оңдоо жана реконструкциялоо иштерин өз убагында бүтүрүү, энергетикалык ишканаларды көмүр менен камсыз кылуу жана объектилердин кыш мезгилинде туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, экономика тармактарын жана калкты күз-кыш мезгилине даярдоо иштери октябрга чейин толук аякташы керек.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар