Бишкекте Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги менен КМШга мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин Аткаруу катчысы Ю.Н. Ждановдун жолугушуусу өттү.
Тараптар КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү, эл аралык укуктук байланыштарды бекемдөө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Жолугушууда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар анын ишин жакшыртуу боюнча уюштуруучулук жана практикалык маселелерди карап, мындан аркы кызматташтыктын багыттарын белгилешти.
Ю.Н. Жданов Өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча чараларды колдой турганын билдирип, Координациялык кеңештин алкагында зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.



