Манас шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин 2026–2027-окуу жылына даярдыгы атайын комиссия тарабынан текшерилип жатат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө мектеп имараттарынын техникалык абалы, санитардык жана өрт коопсуздугу, электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо, ошондой эле окуу процессине даярдыгы бааланууда.
Комиссиянын курамына шаардык билим берүү бөлүмүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн, электр тармактарынын жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирген.
Текшерүү Манас шаарындагы бардык мектептерди камтып, этап-этабы менен жүргүзүлөт.




