Башкы беткеМинистрлер кабинетиИчки рынокто күйүүчү май тартыштыгына жол берилбейт

Ички рынокто күйүүчү май тартыштыгына жол берилбейт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында мунай заттарынын учурдагы рыногу, күйүүчү майдын жеткирилиши, кампалардагы запастар жана керектөөчүлөрдү зарыл көлөмдөгү күйүүчү май менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелери каралды.

Тиешелүү мамлекеттик органдар күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүү жана ички рынокто тартыштыкка жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга күйүүчү майдын туруктуу жеткирилишин камсыздоо жана ички рыноктогу абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар