Башкы беткеЭкономикаУлуттук банк жыл ичиндеги ири интервенциянын бирин жасады

Улуттук банк жыл ичиндеги ири интервенциянын бирин жасады

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-августта ички валюта рыногунда 196,2 млн доллар сатты. Бул 2026-жыл башынан берки көлөмү боюнча экинчи ири интервенция болду.

Улуттук банктын маалыматына караганда, сатылган валютанын 41 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен сатылган. Калган 155,2 млн доллар башка датада эсептешүү шарты менен сатылган.

Быйылкы жылдагы эң ири интервенция 29-июнда болгон. Ал күнү Улуттук банк 222,55 млн доллар саткан.

Ал эми үчүнчү орундагы ири интервенция 14-июлда жүргүзүлүп, анда 186,4 млн доллар сатылган.

10-августтагы операцияны кошкондо, Улуттук банктын жыл башынан бери валюта рыногунда саткан чет элдик валютасынын жалпы көлөмү 1 млрд 668,8 млн долларга жетти.

Ошол эле учурда Улуттук банк 2026-жылы доллар сатып алуу боюнча операция жүргүзгөн эмес.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар