Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жарандарды айып пулдар тууралуу жалган билдирүүлөрдү таратып, банк карталарынын маалыматтарын уурдоого багытталган фишингдик сайттар көбөйгөнү тууралуу эскертти.
Маалыматка ылайык, алдамчылар жарандарга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экени тууралуу жалган SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүп, жасалма сайттарга өтүүнү сунуштап жатышат.
Башкы прокуратура белгилегендей, tolom.kg расмий сервис айып пулдардын бар-жогун текшерүү үчүн гана колдонулат. Ал төлөмдөрдү кабыл албайт жана банк картасынын реквизиттерин сурабайт.
Алдамчылар колдонуп жаткан жасалма ресурстардын арасында tolom.p4zr.top, tolom.a7km.top жана tolom.pw сайттары бар.
Бул сайттарда колдонуучулардан банк картасынын номери, CVC/CVV-коду жана SMS аркылуу келген ырастоо кодун киргизүү талап кылынат. Мындай маалыматтарды берүү банк эсептериндеги каражаттардын уурдалышына алып келиши мүмкүн.
Башкы прокуратура жарандарды:
шектүү шилтемелерге өтпөөгө;
банк картасынын реквизиттерин белгисиз сайттарга киргизбөөгө;
SMS аркылуу келген ырастоо коддорун эч кимге бербөөгө;
айып пул тууралуу маалыматты расмий булактардан гана текшерүүгө чакырды.
Айып пулдарды tolom.kg расмий сайтынан, мамлекеттик порталдардан же банктардын расмий мобилдик тиркемелеринен текшерүү сунушталат.
Эгер алдамчылык фактысына туш болсоңуз, укук коргоо органдарына дароо кайрылуу зарыл.




