Башкы беткеКоомБишкекте үч жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү ачылды

Бишкекте үч жаңы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү ачылды

Бишкекте үч жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү сыноо режиминде иштей баштады.

Жаңы өтмөктөр Жибек-Жолу проспектисинде, 7-Апрель жана Магистрал көчөлөрүндө жайгашкан.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, өтмөктөр жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жогорулатуу жана жолдон өтүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ачылды.

Сыноо учурунда адистер өтмөктөрдүн иштешин жана шаар тургундары үчүн канчалык ыңгайлуу экенин баалашат.

Тургундарга жол кыймылынын эрежелерин сактап, жөө жүргүнчүлөр үчүн белгиленген өтмөктөрдү колдонуу сунушталды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар