Кытайдын «Чанчжэн-7A» ракетасы учурулгандан көп өтпөй аварияга учурап, ChinaSat-4B байланыш спутниги орбитага чыгарылбай калды.
Учуруу дүйшөмбү күнү Пекин убактысы боюнча саат 20:02де Вэньчан космодромунан болгон. Ракета ChinaSat-4B спутнигин геостационардык орбитага жеткирүүгө тийиш эле.
Бирок учурулгандан болжол менен 85 секунд өткөндөн кийин ракета бийиктикке көтөрүлүп бара жаткан учурда өрттөнүп, бөлүктөргө ажыраган. Окуянын видеолору социалдык тармактарда тарады.
Кытайдын мамлекеттик Синьхуа агенттиги жана ракета-ташкычтарды иштеп чыккан Кытайдын Ракета технологиялары академиясы миссия ийгиликсиз аяктаганын тастыктады.
Кырсыктын расмий себеби азырынча жарыялана элек. Адистер ракетанын учуу траекториясында олуттуу көйгөй жаралган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө. Кырсыктын кесепетинен ракета да, ChinaSat-4B спутниги да жоголду. Ракетанын сыныктары Түштүк Кытай деңизинин үстүнө түшкөнү айтылды.
Бул «Чанчжэн-7A» ракетасынын 2020-жылдан берки 18-учуруусу болгон. Анын алгачкы учуруусу да авария менен аяктаган.



