10-августта Татарстан Республикасындагы Нижнекамск шаарында жарылган дрон чабуулунан жети Өзбекстан жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Казань шаарындагы Башкы консулдугу билдирди.
Татарстандын бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, чабуулдан 13 адам каза болуп, 75 адам медициналык жардамга кайрылган. Алардын 21и ооруканага жаткырылган. Каза болгондордун арасында Өзбекстандын жети жараны бар. Башкы консулдук алардын жакындарына көңүл айтып, окуяны көзөмөлгө алганын билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүк жергиликтүү бийлик жана тергөө органдары менен байланыш түзүп, окуянын жагдайларын тактап жатат. Соттук-медициналык экспертиза жана зарыл болгон расмий процедуралар аяктагандан кийин каза болгон жарандардын сөөгү Өзбекстанга жеткирилери айтылды.
10-августта Татарстанда каза болгондорго байланыштуу азалык күнү жарыяланган.



