Башкы беткеМаданиятФрунзе үй-музейинин 100 жылдыгына арналган почта маркалары чыгарылды

Фрунзе үй-музейинин 100 жылдыгына арналган почта маркалары чыгарылды

Бүгүн, 11-августта М.В. Фрунзенин мемориялдык үй-музейинин 100 жылдыгына карата юбилейлик почта маркаларынын сериясы чыгарылып, мөөр басуу аземи болду. Анын бет ачарына “Кыргыз почтасы”  ААКтын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова жана башка өкүлдөр катышты. 

 Демилге “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы менен М.В. Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин  кызматташуусунун алкагында ишке ашты.

“Бул маркаларды Кыргызстандын ичинде эле эмес, чет өлкөлөргө кат жөнөткөндө дагы колдонобуз”, – деди Уулжан Масиянова.

Юбилейлик серия тогуз почта маркасынан турат. Аларда М.В. Фрунзенин ар кыл мезгилдеги портреттери, музейдин тарыхый имараты, доордун символдору жана Фрунзенин инсандыгы менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышын байланыштырган көркөм образдар чагылдырылган.

Ошондой эле сериядагы өзгөчө орунду 1975-жылы музейдин 50 жылдыгына карата “Элдердин достугу” ордени менен сыйланганын эскерткен почта маркасы ээлейт.

Музейдин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музей мемориалдык жана илимий-билим берүү борбору катары иш алып барып, өлкөнүн өткөнү менен бүгүнкүсүн байланыштырган жайлардын бири болуп саналат.

Юбилейлик маркалар 2026-жылы почта жүгүртүүсүнө чыгарылып, филателисттер жана Кыргызстандын тарыхы менен маданиятына кызыккан адамдар үчүн коллекциялык жана сувенирдик мааниге ээ болот.

Маркалардын сериясын М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинен сатып алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар