Башкы беткеКоомАңчылык чарбалар санариптик системага өткөрүлөт

Аңчылык чарбалар санариптик системага өткөрүлөт

Кыргызстанда аңчылык чарбаларын өнүктүрүү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону күчөтүү боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Жыйында аңчылык жаныбарларынын санын эсепке алуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана мамлекеттик көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жапайы жаныбарлардын ооруларын алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү, аңчылык чарбаларын башкарууда заманбап санариптик технологияларды колдонуу маселесине көңүл бурулду.

Кеңешмеде республикадагы бардык аңчылык чарбаларын этап-этабы менен SMART жана «Мерген» автоматташтырылган маалыматтык системаларына киргизүү чечими кабыл алынды. Жыйынтыгында аңчылык чарбаларынын ишин жакшыртуу, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча бир катар практикалык чараларды камтыган резолюция кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар