Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо алкагында айылдардагы миңден ашуун ФАП жана ҮДТлардын ишин чыңдоо менен бирге, бардык медициналык кызматтарды бириктирген заманбап медициналык шаарча куруу пландалууда. Бул масштабдуу долбоор бейтаптарга жогорку технологиялык диагностика менен дарыланууну бир жерден алууга шарт түзсө, дарыгерлерге эл аралык стандартка шайкеш чөйрөдө эмгектенүүгө жаңы мүмкүнчүлүк ачат.
Акыркы жылдары коомдун сапаттуу, тез жана жогорку технологиялык медициналык кызматтарга болгон суроо-талабы болуп көрбөгөндөй өстү. Бул жагдай саламаттыкты сактоо тутумун түп-тамырынан бери жаңылоону, заманбап талаптарга жооп берген инфраструктураны түзүүнү жана медициналык кызмат көрсөтүүнүн таптакыр жаңы моделине өтүүнү күн тартибине койду. Эгерде учурдагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалына көз жүгүртсөк, алардын көбү өткөн кылымдын орто ченинде же экинчи жарымында курулганын көрүүгө болот. Аталган имараттардын моралдык жана физикалык жактан эскириши заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдууларды орнотууга, аларды натыйжалуу пайдаланууга тоскоолдук жаратууда. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин шаар боюнча же региондор аралык чачыранды жайгашуусу логистикалык жактан олуттуу кыйынчылыктарды туудурат. Оорулуулар бир нече диагностикалык же дарылоо процедураларынан өтүү үчүн түрдүү даректерге барууга аргасыз болушат. Бул көрүнүш, өзгөчө, өмүргө коркунуч туудурган курч кырдаалдарда убакытты жоготууга алып келип, көрсөтүлүүчү жардамдын сапатына терс таасирин тийгизүүдө.
Медициналык инфраструктуранын баштапкы деңгээлиндеги эң негизги оорчулук айылдык аймактардагы фельдшердик-акушердик пункттарга (ФАП) жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна (ҮДТ) туура келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1000ден ашык ФАПтар иш алып барат. Бул пункттар аймактардагы, өзгөчө алыскы тоолуу айылдардагы калкка биринчи медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө, оорулардын алдын алууда жана алгачкы диагностикада алмаштырылгыс роль ойнойт. Бирок, тилекке каршы, көптөгөн ФАПтардын имараттары эскирип, инженердик коммуникациялардан, суудан, жылуулуктан ажырап, алардагы техникалык база жетишсиз абалда. Алыскы айылдарда иштеген фельдшерлер менен мээрман айымдар дары-дармектердин жана заманбап аппараттардын тартыштыгынан улам бейтаптарга толук кандуу жардам бере албай, оор абалдагы оорулууларды райондук же облустук борборлорго жөнөтүүгө аргасыз болушат.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору (ҮДТ) калктын саламаттыгын сактоодо өзгөчө орунду ээлейт. Анткени үй-бүлөлүк дарыгер ар бир жарандын саламаттыгын төрөлгөндөн баштап өмүрүнүн аягына чейин көзөмөлдөп, терапевттик, педиатриялык жана акушердик жардамды комплекстүү түрдө көрсөтөт. ҮДТлар ооруларды эртерээк табуу, өнөкөт оорулары бар бейтаптарды диспансердик каттоодо кармоо жана профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү боюнча негизги жүктү көтөрөт. Туура жана натыйжалуу уюштурулган ҮДТ иши стационарларга туш тараптан түшкөн салмакты кыйла азайтып, саламаттыкты сактоо бюджетин сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт.
Баштапкы медициналык жардам деңгээлиндеги бул маселелерди чечүү менен бирге, жогорку технологиялык стационардык жардамды уюштуруу үчүн жаңы медициналык шаарчаларды же кластердик медициналык борборлорду түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Медициналык шаарча түшүнүгү жөн гана бир жерге топтолгон имараттардын топтому эмес. Бул — дарылоо, диагностика, реабилитация, илимий-изилдөө жана билим берүү процесстерин бирдиктүү экосистемага бириктирген заманбап аянтча. Региондордогу ФАПтардан же үДТлардан баштапкы диагнозу коюлган же тактоону талап кылган бейтап калыбына келтирүүчү медициналык шаарчага барганда, бир эле аймактын ичинде бардык керектүү изилдөөлөрдөн өтүп, так дарылоону эң кыска мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Долбоордун бейтаптар үчүн камсыз кыла турган артыкчылыктары эң биринчи кезекте көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү менен айырмаланат. Мурдагыдай түрдүү клиникалардын ортосунда убакыт коротуу токтоп, “бир айнек” принциби боюнча медициналык жардам алуу системасы калыптанат. Шаарчанын аймагында реанимация, хирургия, кардиология, онкология, педиатрия сыяктуу негизги жана сейрек кездешүүчү тармактардын бирдей топтолушу дарыгерлердин мультидисциплинардык топторун түзүүгө шарт түзөт. Оор ооруга чалдыккан бейтапты кароодо ар кайсы тармактын адистери биргелешип консилиум өткөрүп, эң туура дарылоо тактикасын тез арада иштеп чыгышат.
Бейтаптар үчүн дагы бир маанилүү фактор заманбап медициналык шаарчалар пациентке багытталган архитектуралык концепцияга таянып курулат. Жарык жана кенен палаталар, жашылдандырылган эс алуу зоналары, эстетикалык жактан жагымдуу чөйрө жана ыңгайлуу навигация системасы оорулуунун тез сакайышына оң таасирин тийгизет. Мындан сырткары, телемедицина технологияларын кеңири киргизүү аркылуу шаарчанын алдыңкы адистери алыскы айылдардагы ФАПтардагы жана ҮДТлардагы дарыгерлерге онлайн консультацияларды берип, бейтапты ашыкча жол чыгымдарынан жана кезек күтүүлөрдөн бошото алат. Бирдиктүү электрондук саламаттыкты сактоо картасы аркылуу бейтаптын оору тарыхы айылдагы баштапкы деңгээлден баштап борбордук шаарчага чейин заматта жеткиликтүү болот. Бул кайталама анализдерди тапшыруудан арылтып, ашыкча каржылык жана убакыт чыгымдарын кыйла кыскартат.
Эң акыркы муундагы диагностикалык аппараттар (КТ, МРТ, ангиографтар, роботтоштурулган хирургиялык комплексдер) менен иштөө медициналык персоналдын кесиптик деңгээлин жогорулатып, дарылоо катачылыктарын минимумга түшүрөт. Изилдөө жана билим берүү компоненттеринин медициналык шаарчанын курамына интеграцияланышы кадрдык потенциалды чыңдоодо өзгөчө роль ойнойт. Медициналык жогорку окуу жайларынын кафедралары жана илимий-изилдөө институттары клиникалык базалар менен биргеликте иштегенде, теория менен практиканын ортосундагы ажырым жоголот. Студенттер, ординаторлор жана жаш адистер алдыңкы дарыгерлердин жетекчилиги астында эң заманбап технологияларды өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул көрүнүш ата мекендик медицина илиминин өнүгүшүнө түрткү берип, жаңы дарылоо методикаларын клиникалык практикага тез киргизүүгө жол ачат. Мындан тышкары, борбордогу тажрыйбалуу адистер айылдык ФАПтар менен ҮДТлардын дарыгерлери үчүн үзгүлтүксүз квалификацияны жогорулатуу курстарын жана тренингдерди уюштуруп тура алышат.
Мындан сырткары, заманбап медициналык шаарчанын курулушу региондогу медициналык туризмди өнүктүрүүгө кеңири жол ачат. Жогорку квалификациялуу адистердин жана заманбап технологиялардын бир жерге топтолушу кошуна мамлекеттерден келген бейтаптарды тартууга мүмкүнчүлүк берет. Бул саламаттыкты сактоо тармагына кошумча финансылык агымдарды алып келип, алынган каражатты аймактардагы ФАПтар менен ҮДТлардын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүгө жана дарыгерлердин айлык акысын жогорулатууга багыттоого өбөлгө түзөт.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



