Башкы беткеМинистрлер кабинетиОор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүлүүдө

Оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүлүүдө

Жыл башынан бери оор турмуштук кырдаадан 1 702 бала жана 260 үй-бүлө чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери өзгөчө көңүл бурууну талап кылган шарттарда жашаган 3 606 бала аныкталган.

“Аларды коргоо, коопсуздугун камсыз кылуу жана бакубаттуулугун калыбына келтирүү максатында 2 097 жекече иш-аракеттер планы иштелип чыгып, бекитилген. Аларды ишке ашыруунун натыйжасында 1 702 бала оор турмуштук кырдаалдан чыгарылган”, – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жыл башынан бери оор турмуштук кырдаалда турган 1 937 үй-бүлө аныкталган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 260ы мындай абалдан чыгарылды. Аларга зарыл социалдык жардам көрсөтүлүп, билим алууга жана жумушка орношууга көмөк көрсөтүлгөн. Ошондой эле керектүү документтерин калыбына келтирүүгө жана башка колдоо чараларын алууга жардам берилген.

Министрликтин маалыматына караганда, бул жыйынтыктар аймактык бөлүмдөрдүн үй-бүлөнү жана балдарды коргоо багытындагы иштеринин, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өз ара натыйжалуу кызматташуусунун негизинде камсыздалды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар