Башкы беткеМинистрлер кабинетиОоруканага балдардын сөөк чучугун алмаштырууга керектүү жабдуу алынды

Ооруканага балдардын сөөк чучугун алмаштырууга керектүү жабдуу алынды

11-августта саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барды.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей  “Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду борборго жалпы баасы 24 млн сомдон ашкан аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез (ECP) системасын тапшырды.

Жаңы жабдуулар оор онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган балдарды дарылоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана гемопоэздик өзөк клеткаларын трансплантациялоо программасын өнүктүрүүгө багытталган.

Министр медициналык жабдууларды тапшырган кайрымдуулук фондуна жана балдар онкологиясы менен трансплантациялык программаны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар