Башкы беткеКоом“Париж Паралимпиадасы – 2024түн” катышуучусу Гүлназ ЖУЗБАЕВА: «Кыймыл — бул жашоо....

“Париж Паралимпиадасы – 2024түн” катышуучусу Гүлназ ЖУЗБАЕВА: «Кыймыл — бул жашоо. Максат болсо, тоскоолдукту жеңүүгө болот”

    

   Адамдын тагдырын анын мүмкүнчүлүгү эмес, өзүнө болгон ишеними аныктайт. Кээде коомдогу “болбойт” деген жерде адам “эмне үчүн болбосун?” деп өзүнө суроо берип, жаны жол ачса болот. Гүлназ Жузбаеванын өмүр жолун – дал ушундай ишенимдин, өжөрлүктүн жана аракеттин мисалы катары бааласак болот.
        Көзү азиз Гүлназ Жузбаева чуркоо жана триатлон боюнча пара спортчу. 2024-жылы Парижде өткөн Паралимпиада оюндарынын катышуучусу. Мындан тышкары, майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо багытында активдүү иш алып барып, “Кыргызстандык көрүүсү начар жана азиздер спорттук федерациясы” коомдук бирикмесин негиздеп, анын аткаруучу директору болуп эмгектенип келет.
        Анын коомдогу аткарган иштери эл аралык денгээлде да бааланып, 2020-жылы Гүлназ Жузбаева “Би-Би-Синин дүйнөдөгү эн таасирдүү жана дем берүүчү 100 аялдын” катарына кирген.
        

Бирок Гүлназ айымдын негизги жетишкендиги катары бул анын басып өткөн жолу башкаларга жол көрсөтүүчү сабак болот деп ишенебиз.

                                                                Спортко жол

Гүлназ айымдын спортко болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталган.

– Кичинекей кезимде спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Көзүмдүн көрүүсү начар
болгондуктан, мени физикалык көнүгүүлөргө көп катыштырчу эмес, – деп эскерет ал.

Арадан жылдар өтүп, анын жашоо-сундагы маанилүү учур 2010-жылдан башталды. JICAнын волонтеру Шинжи Мацуда менен таанышып, көзү көрбөгөн адамдар да көрүүсү жакшы гиддин жардамы менен чуркай аларын алгачкы жолу билген. Бул жөнөкөй көрүнгөн жолугушуу Гүлназдын келечегин жана жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн.

Ал ошол күндү, ошол жолугушууну өзүнүн спорттук жолунун башталышы катары эскерет. Анткени ага чейин ал үчүн спорт мүмкүн эмес нерседей көрүнсө, ошол күндөн кийин спорт ага жаңы мүмкүнчүлүк
жараткан.

Чуркоо бул эркиндик

Спортчу айымдын айтымында, спорт ага бир гана физикалык күч эмес, ички жан дүйнөсүнө да эркиндик бере алды. 

Спортчу айымдын жашоосуна спорттун тийгизген таасири чоң. Ал: “Чуркоо мага жеке   тартипти, режимди жана максатты берди. Ал мени күн сайын өзүмдүн үстүмдөн иштөөгө жана багынбоого үйрөттү. Спорт мени көз карандысыз кылды”, – дейт.

Башында анын алдында көптөгөн тоскоолдуктар турган. Өлкөбүздөгү атайын спорттук аянтчалардын, жабдуулардын жетишсиздиги, гид-спортчулардын аздыгы, майыптыгы бар спортчулар менен иштей турган адистердин тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөр спортчунун карьерасын артка тарткан.

Мындай тоскоолдуктар Гүлназды токтото албады. Ал тынымсыз күрөшүү, күн сайын эмгек жана аракет кылуу менен тоскоолдуктарды азайтып, чоң жеңишке карай умтулду.

Ал үчүн үй-бүлөсүнүн, команданын жана федерациянын колдоосу чоң мааниге ээ болгон.

Триатлондон жеңил атлетикага

Гүлназ негизинен пара-триатлон менен машыгат. Триатлондун ичинен чуркоо анын эң күчтүү дисциплинасы болуп саналат. Триатлон тууралуу айтсак, бул олимпиадалык спорт түрү. Ал үч башка спорт түрүнөн турат: сүзүү, велоспорт жана чуркоо. Спортчулар буларды тыныгуусуз, биринин артынан бирин аткарышы шартталат. Акыры спортчу үчүн дагы бир чоң максат анын Паралимпиадага катышуусуна жол ачылат.

Париждеги тарыхый күн

2024-жылы Парижде өткөн Паралимпиада оюндары Гүлназ Жузбаеванын өмүрүндөгү өзгөчө окуя болуп калды. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген мыкты спортчулар менен бир катарда туруп, Кыргызстандын желегин дүйнөгө көтөрүп чыгуусу – анын көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы эле.

– Париждеги Паралимпиада мен үчүн эң баалуу мелдеш болду. Ал жерде жыйынтыктан да маанилүүсү Кыргызстандын желеги алдында стартка чыкканым. Ошол сезимди сөз менен айтып берүү кыйын, – дейт спортчу.

Ошондогу ички сезимин сөз менен жеткирип бере албаган спортчунун ар бир айтканынан анын мекен алдындагы абдан чоң жана улуу жоопкерчилиги айкалышып турганын сезсе болот.  Анткени эл аралык аренада, дүйнөгө спортчу бир эле өзүнүн атын эмес, жалпы өлкөсүнүн намысын алып чыгат. Кадимки дени сак адамдар мында турсун, дүйнөнү көзү менен көрө албаса да, көөдөнү менен сезип, эмгеги менен өз өлкөсүнүн желегин желбиретүү чынында чоң
эрдик.

– Мен өзүм үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн чыгам. Адамдар биздин желекти көрүп, Кыргызстанды
таанышат, өлкөбүздү дүйнөгө таанытуу баарыбыздын милдетибиз, – дейт Гүлназ.

Спорт бул ден соолук жана мүнөз

Күнүмдүк жашоосунда спортчу машыгууга өзгөчө маани берет. Күнүнө эки жолу машыгат. Эртең менен сууда сүзүү же чуркоо менен алектенсе, кечинде велосипед тебет же күч даярдыгы боюнча машыгат. Спортчу ар дайым гид менен (жанында  коштоп жүрүүчү) машыгууга муктаж.

Бирок анын жашоосу спорт менен гана чектелбейт. Федерациядагы иши, коомдук ишмердиги, көзү азиздер үчүн өткөргөн реабилитациялык тренингдери дагы көп убакытты талап кылат. Ошого карабастан, ал ден соолукту чыңдоону ар бир адам күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгүнө айландыруу зарыл деп эсептейт.

Жаштарга жандуу сабак

Гүлназ Жузбаева жаштарды жана жалпы эле коомчулукту спортко тартууда сөздөн көрө иш-аракет менен көрсөтүү маанилүү экенин белгилейт. Анын пикиринде, мектептерде ачык машыгууларды көбөйтүү, балдарга спорттун ар кандай түрүн сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Спорттук секциялар баарына жеткиликтүү болуп, керектүү шарттар жетиштүү болушу зарыл.

– Жаштарга жандуу сабак керек. Алар жалпы эле эл “эгер ал жасай алса, мен да жасай алам” деп өздөрүнө ишениши керек, – дейт ал.

Айрыкча жаш муун өзүнүн замандаштарынын жетишкендиктерин көрүп, алардан үлгү алышы маанилүү.

Инклюзивдүү коом

Гүлназдын коомдук ишмердигинин негизги багыттарынын бири – өзү сыяктуу майыптыгы бар адамдар үчүн спорттук шарттарды түзүү.  Анын айтымында, өлкөдө инклюзивдүү спорт залдары жана стадиондор көбөйүшү керек. Мындан тышкары, атайын спорттук жабдуулар, гид-спортчуларды даярдоо программалары, аймактарда пара-спорт секциялары жана адистештирилген машыктыруучуларды окутуу зарылдыгы бар.

Бул иштер бир гана майыптыгы бар адамдар үчүн эмес, жалпы коом үчүн деле маанилүү.

– Инклюзия – бул майыптыгы бар адамдардын гана маселеси эмес. Бул коомдун маданиятынын көрсөткүчү, –деп эсептейт Гүлназ.

Акыркы жылдары коомдун майыптыгы бар спортчуларга болгон мамилеси, көз караштары да акырындап өзгөрүп жатканын белгилейт. Мурда аларга көбүнчө боор ооруу менен каралса, бүгүн аларды спортчу катары, өлкөнүн желегин желбиреткен патриот инсандардын бири катары кабыл алуу күчөп баратат. Бул өзгөрүүнү ал пара спортчулардын эмгектери жана соңку жылдардагы жеңиштери менен байланыштырат. Алар мелдештерге чыгып, медаль алып, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп жатышкандыгы менен майыптуулугу барлар үчүн деле зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин далилдеп жатышат.

Жеңилүүдөн жеңишке…

Спортто жеңиш менен катар жеңилүү да болот. Спортчу айым үчүн жеңилүү токтоп калууга себеп эмес. Кайрадан кийинки жеңиш үчүн чоң сабак. Алгач кетирген каталарын талдап, зарыл болсо бир-эки күн тыныгуу алат. Андан кийин кайра машыгууга
киришет.

– Мен үчүн жеңилүү бул спорттун аягы эмес. Ал кийинки жеңишке алып барган тепкич, – дейт спортчу.

Бул жеке принцип анын спорттогу гана эмес, жашоодогу позициясын да мүнөздөйт. Анткени адамдын алдында максат болсо, убактылуу болгон жеңилүү аны жолдон тайдырбашы керек.

Кыялы –  спорттук борбор ачуу

Гүлназ Жузбаеванын алдыга койгон максаттары арбын. Спорттук максаты кийинки Паралимпиада оюндарынын финалына чыгуу. Бирок анын жашоодогу дагы бир чоң кыялы жеке спорттук ийгиликтен да бийик турат десек болот.

Ал федерация аркылуу көптөгөн көзү азиз балдарга жана чоңдорго спортко жол ачууну каалайт. Кыргызстанды инклюзивдүү өлкөлөрдүн катарына кошууну максат кылат. Башка азиздердин, майыптыгы барлардын жашоосун өзгөрткүсү келет. Аларга жардам кылып, окутуп, үйрөтүп чоң максатка жол көрсөтүү кыялында. Ошол максатты аркалай ал реабилитациялык-спорттук борбор ачууну максат кылууда.

Ал борбордо майыптыгы бар адамдар сапаттуу реабилитациядан өтүп, спорт менен машыгып, коомдун башка мүчөлөрү менен бирдей шартта өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышса деген изги тилеги бар.

Албетте, спортчунун бул кыял бир адамдын жеке максаты эмес. Бул көптөгөн адамдардын жашоосун өзгөртө турган чоң коомдук долбоор болмок.

«Өзүңдү кечээги өзүң менен салыштыр»

Гүлназ Жузбаева менен болгон маектин соңунда андан жалпы коомчулукка, өзгөчө жаштарга кандай кеңеш берерин сурадык.

Анын жообу жөнөкөй, бирок мааниси терең болду.

– Чоң максатка дароо жетүүнүн кереги жок. Кичинекей кадамдан баштагыла. Бүгүн он мүнөт бассаңар, эртең жыйырма мүнөт баскыла. Өзүңөрдү башкалар менен салыштырбагыла. Кечээги өзүңөр менен бүгүнкү өзүңөрдү салыштыргыла.

Анын бул сөздөрү спорт менен гана алектенгендерге эмес, ден соолугун чыңдап, жашоосун өзгөрткүсү келген ар бир адамга тиешелүү десек толук болот. Гүлназ эжекенин өзүнүн өмүр жолу да муну далилдеп турат. Кезинде көзүнүн көрүүсү начар болгондуктан спортко жол берилбеген кыз бүгүн эл аралык аренада Кыргызстандын желегин желбиретип, Паралимпиадага катышып, ийгилик жаратып, дүйнөдөгү таасирдүү делген 100 айымдын бири боло алды.

Ал өзүнүн мисалы менен адамдын мүмкүнчүлүгү анын ден соолугундагы чектөө эмес, анын максаты, эрки жана аракети экенин
аныктайт.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
 “Кыргыз Туусу”

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар