12-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
12-августка караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу: +32…+37 °C
Ош облусу: +34…+39 °C
Жалал-Абад облусу: +34…+39 °C
Баткен облусу: +34…+39 °C
Талас облусу: +28…+33 °C
Ысык-Көл облусу: +23…+28 °C
Нарын облусу: +19…+24 °C
Бишкек: +34…+36 °C
Ош шаары: +36…+38 °C
Чолпон-Ата: +23…+25 °C
Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.



