Башкы беткеКоомФилармониянын алдындагы фонтан жаңыланып, жарык-музыкалык система ишке кирди

Филармониянын алдындагы фонтан жаңыланып, жарык-музыкалык система ишке кирди

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтан реконструкциядан өтүп, техникалык ишке киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, фонтан комплексинин техникалык жабдуулары жаңыртылып, сууну тазалоо системалары жана жалбырактарды чогултуучу жабдуулар орнотулду. Ошондой эле жарык-музыкалык система ишке киргизилип, суу агымдарынын «бийлеген» эффекттери каралган.

Филармониянын түндүк жана түштүк тарабындагы дагы эки фонтан комплексинде да реконструкция иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, фонтанга чектеш аймакта көрктөндүрүү иштери аткарылды. Ирригациялык система жаңыртылып, тышкы жарыктандыруу жакшыртылды. Аймакка видеобайкоо камералары орнотулуп, таман таштар, отургучтар жана таштанды челектери жаңыланды.

Жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында алты пандус орнотулууда. Учурда филармониянын имаратынын фасадын жаңылоо иштери да уланууда.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев фонтанды техникалык ишке киргизүү учурунда системанын ишиндеги мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктап, аларды жоюу зарылдыгын белгиледи. Ал подряддык уюмга суу агызуу системасын кылдат текшерип, суу топтолгон жерлерди жоюуну жана калган иштерди толук бүтүрүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар