Башкы беткеКоомБишкекте Фрунзе көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн А. Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды.

Оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүндө жолдун эски асфальт-бетон жабындысы алынып, негизги катмары бекемделди. Ошондой эле инженердик тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, жолго жаңы асфальт-бетон төшөлдү.

Мындан тышкары, жол инфраструктурасынын айрым элементтери жаңыртылды.

Тиешелүү департаменттин маалыматына караганда, шаардагы жолдорду оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык улантылууда.

Негизги максат — жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жолдордун сапатын жакшыртуу жана Бишкектин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар