Үч-Коргон ГЭСинде станциянын негизги жабдууларын жаңыртуу жана белгиленген кубаттуулугун жогорулатууга багытталган масштабдуу модернизациялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды жаңыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Аларды модернизациялоону 2026-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Бардык иштер бүткөндөн кийин Үч-Коргон ГЭСинин белгиленген кубаттуулугу азыркы 198 МВттан 216 МВтка чейин жогорулайт.
“Станцияны реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №4 гидроагрегат толугу менен жаңыртылып, анын кубаттуулугу 9 МВтка көбөйтүлдү. Ошондой эле №3 гидроагрегатты модернизациялоо иштери аяктап, анын кубаттуулугу дагы 9 МВтка жогорулатылды. Ошентип, №1 жана №2 гидроагрегаттардагы иштер аяктагандан кийин Үч-Коргон ГЭСинин бардык төрт гидроагрегаты толугу менен жаңыртылат”, – деп айтылат маалыматта.
Модернизациялоо станциянын ишинин ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, эскирген жабдууларды жаңылоого жана алардын эксплуатациялык мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.



