Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныштырылды. Презентацияга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышты.
Жолугушууда министр маданий программанын концепциясы, максаттары жана негизги багыттары тууралуу маалымат берип, иш-чаралар өтө турган жайлар жана пландалган иш-чаралар менен тааныштырды.
Анын айтымында, маданий программанын негизги максаты — көчмөн цивилизациясынын тарыхын, руханий жана материалдык мурастарын, салттуу маданиятын, искусствосун, музыкасын жана кол өнөрчүлүгүн заманбап форматта кеңири жайылтуу.
Иш-чарага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов, координаторлор, тарыхчылар, этнографтар, окумуштуулар, коомдук жана маданий ишмерлер, ардагерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана чыгармачыл топтун мүчөлөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхчылар жана этнографтар программанын мазмуну менен таанышып, анын тарыхый жана этнографиялык жактан тактыгы боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.
Ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды туура жана мазмундуу чечмелөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.




