Чүйдүн Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүнүн жырылып кетүү коркунучу алдын алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көлдүн абалын көзөмөлдөө жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын ыкчам топ иш алып барды. Иш-чараларга ӨКМдин Чүй облусундагы башкармалыгынын жетекчиси, Кыргызгидрометтин директору, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жана 41 куткаруучу тартылды.
Көлдөгү суунун көлөмүн азайтуу үчүн жалпы узундугу 204 метр болгон сифондук түтүктөр орнотулуп, сууну агызуу иштери жүргүзүлдү.
Буга чейин ӨКМ министринин орун басары Алмазбек Асановдун жетекчилиги алдында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте көлдүн абалы текшерилип, кырдаалды алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилген.



