Азыркы тапта өспүрүмдөр арасында электрондук чылымдардын, синтетикалык баңгизаттардын жана башка уулуу заттардын жайылышы улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган олуттуу көйгөйгө айланды. Бул заттардын жаш организмге тийгизген орду толгус зыяны, алардын психикасын жана келечекти талкалагандыгы тууралуу коомчулукта айтылып келүүдө. Ушул максатта, мектептерде окуучуларды психотроптук заттарга карата текшерүүдөн өткөрүү демилгеси көтөрүлүп, бул чара көйгөйдү эрте аныктоонун жана балдарды куткаруунун жолу катары каралууда.
Азыркы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы жана коопсуздугу коомдун эң башкы артыкчылыктарынын бири болуп калды. Балдар жана өспүрүмдөр биздин келечегибиз, ал эми дени сак, интеллектуалдык жактан өнүккөн жана руханий жактан бай муун гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла алат. Бирок, тилекке каршы, заманбап коомдо жаштарыбыздын толук кандуу өсүп-өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген, атүгүл алардын өмүрүнө коркунуч туудурган толгон-токой терс факторлор бар. Алардын ичинен электрондук жана психотроптук чылымдар, алкоголдук ичимдиктер жана уулуу заттарды жыттоо сыяктуу зыяндуу адаттардын жайылышы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Андыктан бул макала психотроптук заттардын организмге жана психикага тийгизген орду толгус зыянын түшүндүрүү менен өспүрүмдөрдү сергек жашоо образын тандоого чакыруу максатын
көздөйт.
Акыркы жылдары жаштар арасында “вейп” же “электрондук тамеки” деп аталган электрондук чылымдарды колдонуу модага айланып, кеңири жайылууда. Көптөгөн өспүрүмдөр бул каражаттарды кадимки тамекиге караганда зыянсыз деп жаңылыш ойлошот. Бирок, медициналык изилдөөлөр электрондук чылымдардын курамындагы суюктуктарда никотин, ар кандай химиялык ароматизаторлор, пропиленгликоль, глицерин жана башка уулуу заттар бар экенин далилдеген. Никотин – бул күчтүү баңгизаты, ал абдан тез көз карандылыкты жаратат.Өспүрүмдүн мээси дагы деле өнүгүү стадиясында болгондуктан, никотин анын таануу жөндөмдүүлүгүнө, эс тутумуна, кунт коюусуна жана маанайына терс таасирин тийгизет. Мындан сырткары, вейптердин түтүнүн жуткан учурда өпкөгө химиялык уулар кирип, оор респиратордук ооруларды, сезгенүүлөрдү жана ал тургай онкологиялык оорулардын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Тамекинин бул түрү “зыянсыз түтүн” эмес, бул жаш организмди ичинен ууландыруучу коркунучтуу курал.
Электрондук чылымдардан да коркунучтуусу – бул психотроптук заттарды камтыган чылымдар жана ар кандай синтетикалык баңгизаттар. Алар “спайс”, “соль” же башка аттар менен белгилүү болушу мүмкүн. Бул заттар мээнин иштешин түп-тамырынан бери бузуп, галлюцинацияларды, паранойя-
ны, паникалык чабуулдарды жана катуу психоздорду жаратат. Психотроптук заттарды бир жолу колдонуу эле адамдын психикасына калыбына келгис зыян келтириши, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн. Өспүрүмдөр мындай заттардын таасири астында өзүн-өзү башкара албай, кылмыштуулукка барышы же өз өмүрүнө кол салышы мүмкүн. Бул заттар мээнин клеткаларын гана эмес, адамдын инсандыгын, анын келечегин жана үй-бүлөсүн талкалайт.
Алкоголдук ичимдиктердин зыяндуулугу кылымдар бою белгилүү болсо да, анын жаштар арасындагы популярдуулугу дагы деле жогору. Ал эми алкоголь борбордук нерв системасын басаңдатуучу уу. Өспүрүмдүн организми алкоголду чоңдорго караганда бир нече эсе жай зыянсыздандырат, андыктан уулануу алда канча катуу жана тез болот. Алкоголь боорду, жүрөктү, ашказанды жана өзгөчө мээни талкалайт. Мээ клеткаларынын алкоголь тарабынан жабыркашы интеллектуалдык деңгээлдин төмөндөшүнө, эс тутумдун начарлашына жана кулк-мүнөздүн өзгөрүүсүнө алып келет. Ичкилик ичкен өспүрүмдөр окуусунда артта калып, коомдук чөйрөдөн обочолонуп, ар кандай кырсыктарга жана кылмыштарга тез-тез туш болушат.
Өспүрүмдөр арасындагы дагы бир коркунучтуу көрүнүш – бул уулуу заттарды жыттоо (токсикомания). Буга ар кандай клейлер, бензин, ацетон, аэрозолдор жана турмуш-тиричилик химиясы кирет. Бул заттардын буусун жуткан учурда алар тез эле канга өтүп, мээге жетет да, жасалма мас болуу абалын жаратат. Бирок бул абал мээнин клеткаларын жок кылуу менен коштолот. Уулуу заттарды жыттоо мээнин эле эмес, өпкөнүн, боордун, бөйрөктүн жана жүрөктүн иштешин токтотушу мүмкүн. Бир нече жолу жыттоо эле адамды майып кылып, интеллектин толугу менен жоготууга же заматта өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул көйгөй көбүнчө көзөмөлсүз калган же психологиялык кыйынчылыктарга туш болгон балдар арасында кездешет, андыктан бул жерде ата-энелердин жана мугалимдердин кунт коюусу абдан маанилүү.
Коомдогу баңгизаттын таралышына каршы күрөшүү жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, акыркы убакта мектептерде окуучуларды психотроптук заттарга карата атайын текшерүүдөн өткөрүү демилгелери көтөрүлүүдө. Бул чара, биринчи кезекте, көйгөйдү эрте аныктоого жана баңгизатка көз каранды болуп калган балдарга убагында медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүгө багытталган. Текшерүү процедурасы купуялуулукту сактоо жана баланын укуктарын урматтоо менен, ата-энелердин макулдугу менен жүргүзүлүшү керек. Бул чараны жазалоо куралы катары эмес, алдын алуу жана куткаруу куралы катары түшүнүү зарыл. Эгерде тесттин жыйынтыгы өспүрүмдүн психотроптук заттарды колдонгонун көрсөтсө, ал балага медициналык адистер, психологдор, мугалимдер жана ата-энелер биргелешип жардам бериши керек.
Зыяндуу адаттардан коргонуунун эң натыйжалуу жолу – бул сергек жашоо образын калыптандыруу. Сергек жашоо – бул жөн гана оорунун жоктугу эмес, бул физикалык, психикалык жана коомдук толук бакубаттуулук. Буга туура тамактануу, үзгүлтүксүз спорт менен машыгуу, жетиштүү уйку, өздүк гигиенаны сактоо жана эң башкысы – позитивдүү ой жүгүртүү кирет. Спорт менен машыгуу денени чыңдап гана койбостон, эрктүүлүктү, тартипти жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрөт. Активдүү эс алуу, жаратылышка чыгуу, китеп окуу, сүрөт тартуу же музыка менен алектенүү сыяктуу пайдалуу хоббилер өспүрүмдүн ички дүйнөсүн байытып, стресстен арылууга жардам берет жана зыяндуу заттарга болгон кызыгууну жоготот.
Ата-энелер жана мугалимдер өспүрүмдөрдүн сергек жашоого болгон жолундагы негизги насаатчылары. Үй-бүлөдөгү жылуу, ишенимдүү мамиле, баланын көйгөйлөрүнө кунт коюу жана аны колдоо анын зыяндуу адаттарга берилип кетүүсүнө жол бербейт. Ата-энелер өзүлөрү сергек жашоонун үлгүсүн көрсөтүшү керек, анткени балдар чоңдордун кылган иштерин туурашат. Мектепте болсо сергек жашоону жайылтуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп, окуучуларга баңгизаттын, алкоголдун жана тамекинин зыяны тууралуу илимий жактан негизделген маалыматтар жеткирилиши керек.
Өспүрүм курак – бул чоң мүмкүнчүлүктөрдүн, ачылыштардын жана келечекке пайдубал түптөөнүн убагы. Бул курактагы ар бир кабыл алынган чечим бүтүндөй кийинки өмүргө таасирин тийгизет. Зыяндуу адаттар бул убактылуу жасалма ырахат, ал эми анын кесепети түбөлүккө созулган оору жана өкүнүч. Ошондуктан, ар бир өспүрүм, өзүнүн саламаттыгына, келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылуусу керек. Жаш муундардын саламаттыгы – ар бир өспүрүмдүн эле эмес, бүтүндөй элдин байлыгы.
Вера Беделбек, “Кыргыз-Туусу”



