Баткен облусунда жайгашкан Мадыген аймагы геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине кирди. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Мадыген аймагы геологиялык түзүлүшү жана бай палеонтологиялык табылгалары менен белгилүү. Бул жерден миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган.
Айрыкча триас мезгилине таандык фаунанын калдыктары илимпоздордун өзгөчө кызыгуусун жаратып келет.
Адистердин изилдөөлөрү Мадыгенди дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөр үчүн маанилүү аймактардын бирине айландырган.




