Башкы беткеКоомҮй-бүлө ­­ ­– коопсуз коломтобу же жашыруун коркунучпу?

Үй-бүлө ­­ ­– коопсуз коломтобу же жашыруун коркунучпу?

Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу жана Министрлер Кабинетинин 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндөгү токтомун ишке ашыруу бүгүнкү күндүн башкы жана курч талабы болуп саналат.

 

Социалдык тармактарды ачканда, акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, айласы түгөнгөндө гана коомдон жана мыйзамдан жардам сурап кайрылган аялдардын жапа чеккен абалы, зордук-зомбулуктун кесепеттери чагылдырылган видеолор байма-бай кездешчү болду. Инстаграм, ТикТок же Фейсбук сыяктуу платформалар жабыр тарткандар үчүн адилеттүүлүктү талап кылуунун, коомдук резонанс жаратуунун башкы куралына айланып баратканы өкүнүчтүү, бирок төгүндөлгүс реалдуулук. Интернетте тараган ар бир зомбулук чагылдырылган видео жөн гана бир каармандын жеке трагедиясы эмес, бул коомдогу социалдык көйгөйдү жана укуктук аң-сезимдин деңгээлин көрсөткөн ачуу чындык. Бирок социалдык тармактагы коомдук басым аркылуу гана маселе чечилип, тартип сакчылары кыймылга келип жатканы системалык алдын алуу механизмдеринин али да болсо толук кандуу иштей электигин айгинелейт.

Мындай социалдык чыңалуунун жана зомбулук учурларынын көбөйүшүнүн тереңирээк себептерине үңүлгөндө, ички жана тышкы эмгек миграциясынын терс кесепеттери өзгөчө орунду ээлейт. Ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткенде туугандарынын же алыс-жакын тааныштарынын колунда калган балдар эң эле аялуу жана коргоосуз катмарга айланууда. Кароосуз калган же ишенип тапшырган адамдары тарабынан кордук көрүп, кайдыгерликтин, психологиялык жана физикалык зомбулуктун курмандыгы болгон өспүрүмдөрдүн тагдыры – бүгүнкү коомдун айыкпас жарасы. Баланы убактылуу багууга калтырууда укуктук жоопкерчиликти камсыз кылган камкордукка алуу (опекунство) институтунун жетиштүү иштебеши же жакындарынын кайдыгерлиги зомбулуктун жашыруун, узак убакыт бою ачыкка чыкпай уланышына өбөлгө түзүүдө. Ата-энелик мээримден жана түз көзөмөлдөн ажыраган муундун арасында депрессия, ички каршылык жана суицидге чейинки психологиялык чыңалуу көбөйүп жатканы коомдук дабыш катары коңгуроо кагууда.

Миграциянын залакасы менен катар эле мектептерде жана өспүрүмдөр арасында калыптанган терс социалдык көрүнүштөр маселени андан бетер татаалдаштырууда. Мектептеги рекетчилик, куугунтуктоо (буллинг) жана таасир талашуу сыяктуу көрүнүштөр жаштар арасындагы кылмыштуулуктун башаты болуп саналат. Билим берүү мекемелеринде коопсуз чөйрөнү түзүү, социалдык педагогдордун жана психологдордун ишин жандандыруу, ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ролун жогорулатуу – курч зарылчылык. Эгерде мектеп жашындагы зомбулукка өз убагында чекит коюлбаса, ал келечекте үй-бүлөлүк зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабыл алган жаңы муунду калыптандырат.

Бүгүнкү санариптешүү доорунда зомбулук формасын өзгөртүп, виртуапдык мейкиндикке да өттү. Социалдык тармактардагы кибербуллинг, шантаж, өспүрүмдөрдү ар кандай зыяндуу топторга тартуу жана электрондук сигарет, баңгизат сыяктуу заттарды интернет аркылуу жайылтуу коркунучу өсүүдө. Киберкылмыштуулукка каршы бөгөт коюу жана балдардын санариптик коопсуздугун камсыз кылуу ата-энелер менен мамлекеттик түзүмдөрдүн тыгыз өнөктөштүгүн талап кылат. Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана баланын интернеттеги жүрүм-турумуна көзөмөл кылуу –заманбап тарбиянын ажырагыс бөлүгү.

Укуктук жана социалдык факторлордон тышкары, ажырашуулардын көбөйүшү жана салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарга көңүл бурулбай калгандыгы да негизги себептердин катарында. Экономикалык кыйынчылыктар, психологиялык даярдыктын жоктугу жана жоопкерчиликсиз мамиле жаш үй-бүлөлөрдүн урашына алып келүүдө. Ажырашуунун кесепетинен келип чыккан алимент төлөөдөн качуу, балдарды материалдык жана руханий жактан камсыз кылбоо маселеси аялдар менен балдардын социалдык жактан коргоосуз калышына түртөт. Бул багытта Аксакалдар соттору жана Аялдар кеңештери сыяктуу жергиликтүү институттардын потенциалын толук пайдалануу, жер-жерлерде үй-бүлөлүк конфликттерди ырбатпай чечүү чараларын күчөтүү зарыл.

Ага карабастан, негизги мыйзамдык кепилдиктерде зомбулуктун ар кандай түрүнө тыюу салынып, убактылуу коргоо ордерин берүү, электрондук байкоо киргизүү жана күнөөлүүлөргө карата жазаны катаалдаштыруу чаралары каралган. Ал эми Министрлер Кабинетинин жогоруда аталган Концепциясында укук бузуулардын кесепети менен гана күрөшпөстөн, анын эрте алдын алуу, мигранттардын балдары сыяктуу аялуу топторду өз убагында аныктап, каттоодон өткөрүү, калк арасында укуктук маданиятты жогорулатуу башкы багыт катары белгиленген. Бул багытта ички иштер органдары, социалдык кызматтар, билим берүү мекемелери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдун биргелешкен аракетин камсыз кылуу аба менен суудай зарыл.

Зомбулук көбүнчө “үй ичиндеги сыр” катары жашырылып, консервативдүү стереотиптердин айынан жылдап чыдамкайлыкка айланып кеткен жерде мыйзамсыздык тамыр жаят. Социалдык тармактарга чыккан резонанстуу окуялар унчукпоо көйгөйдү чечпей турганын, тескерисинче, кылмышкерге жазасыз калуу сезимин тартуулаарын айкын көргөздү. Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн социалдык тармактагы үнгө кошумча, ар бир аймактагы тиешелүү мамлекеттик түзүмдөр ыкчам чара көрүүгө, ал эми коомчулук кайдыгерликтен арылууга тийиш. Өлкө аймагында зомбулукка кабылган же ага күбө болгон ар бир жаран 102 милиция, 111 балдар үчүн ишеним телефону, 112 өзгөчө кырдаалдар кызматы же 115 Акыйкатчы аппараты аркылуу мыйзамдык коргоону талап кылууга укуктуу. Үй-бүлөдөгү аманчылык, балдардын коопсуздугу жана адилеттүүлүк ар бир жарандын кайдыгер эместигине, укуктук жоопкерчилигине жана мамлекеттик мыйзамдардын кыйшаюусуз аткарылышына түздөн-түз байланыштуу.

 

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар