Башкы беткеМаданиятЫсык-Көлдө көк бөрү боюнча мелдештер үчүн жаңы аянтча курулду

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча мелдештер үчүн жаңы аянтча курулду

Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештер өтө турган жаңы аянтча курулду. Бул тууралуу оюндардын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, ипподромдун аймагында маданий иш-чаралар өткөрүлө тургандыктан, Маданият министрлиги Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте жаңы арена курууну чечкен.

Жаңы аянтча 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Көрүүчүлөр оюн талаасына болжол менен 10 метр аралыкта отуруп, мелдештерди жакындан көрө алышат. Аренага коопсуздук талаптарына жооп берген коргоочу тосмолор орнотулган.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин маалыматына караганда, аянтчанын конструкциясы жеңил орнотулуп-жыйналуучу элементтерден жасалган.

Арена көк бөрү менен катар көкпар мелдештерин өткөрүүгө да ылайыкташтырылган. Көкпар үчүн аянтчанын көлөмү чоңураак болот.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар