13-августта Кыргызстандын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, ошондой эле Ысык-Көл менен Нарындын айрым жерлеринде жаан жаайт. Республика боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Таласта +32…+37, Ысык-Көлдө +20…+25, Нарын облусунда +23…+28 градус болот.
Бишкекте күн +35…+37 градуска чейин ысыса, Ошто +34…+36, Чолпон-Атада +23…+25 градус күтүлөт. Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.



