Башкы беткеКоомАлты айда Кыргызстанда 6 миң 621 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

Алты айда Кыргызстанда 6 миң 621 үй-бүлөлүк зомбулук катталган

Ош облусунун Кара-Суу районунда «Биз үй-бүлөлүк зомбулукка каршыбыз» деген ураан алдында жүрүш өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүрүшкө Отуз-Адыр аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери, мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар Отуз-Адыр айыл аймагынын борбордук көчөлөрү менен үй-бүлөлүк зомбулукка каршы чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп өтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коомдогу ынтымакты бекемдөө.

ИИМдин маалыматына караганда, 2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстанда 6 миң 621 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 пайызга көп.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар