Башкы беткеКоомПрокуратура: «Кыргызфармация» мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирген

Прокуратура: «Кыргызфармация» мамлекетке 138 млн сомго жакын зыян келтирген

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алуунун мыйзамдуулугун текшерди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөнү аныкталган.

Натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сомдук дары-дармектин 60 түрүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин билдирмелери жок эле ири көлөмдө медициналык буюмдар сатылып алынып, 63,8 млн сомдон ашык продукция кампаларда пайдаланылбай калган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аныкталган мыйзам бузуулардан мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала өлчөмү 137 млн 950 миң сомду түздү.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана 339-беренеси — билип туруп пайдасыз контракт түзүү боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар