12-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков “Салих Аква” балык чарба комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу тиешелүү мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, комплекс балык тоютун өндүрүү, икра инкубациялоо, чабактарды өстүрүү, асыл тукум жана товардык балык чарбасын жүргүзүү, ошондой эле даяр продукцияны кайра иштетүүнү камтыган толук циклдүү балык чарба кластерин түзүүдө.
Учурда жылына 3 миң тоннага чейин даяр продукция өндүрүүгө жөндөмдүү балыкты терең кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө даярдык аяктап жатат. Ишкана өзүнүн продукциясы менен катар өлкөдөгү башка балык чарбаларынын балыгын да кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, компаниянын эки аймактагы долбоору тааныштырылды. Курпсай суу сактагычында форель өстүрүүчү садок чарбасын өнүктүрүү каралып, 2030-жылга чейин жылдык өндүрүш көлөмүн 5 миң тоннага чейин жеткирүү пландалууда.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жылына 270 тонна балык өндүрүүгө багытталган осетр чарбасы өнүктүрүлүп жатат.
Аталган долбоорлор товардык балык өндүрүшүн көбөйтүүгө, кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, импортту алмаштырууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган.
Компаниянын өкүлдөрү балык чарба кластерин жана заманбап аквакультураны өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоонун маанилүү экенин белгилешти.



