13-августка караган түнү саат 02:49да Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогунда күчү 3,5 баллга, магнитудасы 4,0 баллга жеткен.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда, Кара-Сай айылынан 22 чакырым түндүк-чыгышта, ал эми Барскоон айылынан 53 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Калктуу конуштарда силкинүүнүн күчү Кара-Сай айылында 2,5 балл болгон.
Маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн эмес.



