Өзбекстандан Кыргызстанга келе жаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен кайра кайтарылды.
Айыл чарба министрлигине караштуу тиешелүү департаменттин маалыматына ылайык, жүк «Кызыл-Кыя автожолу» фитосанитардык көзөмөл постунан текшерүүдөн өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө жашылча продукциясынын таңгагында милдеттүү маркировка жок экени аныкталган.
Карантинге алынуучу продукцияны тиешелүү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат. Ушуга байланыштуу жалпы 28 тонна жашылча импорттоочу өлкөгө кайра жөнөтүлдү.
Тиешелүү департамент мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик талаптардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантууда.



