Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылында өрттөнүп кеткен турак жайдын ээси камсыздандыруунун эсебинен 400 миң сом кенемте алды. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үй-бүлө турак жайын болгону 600 сомго камсыздандырган. Өрт кырсыгынан кийин үйгө келтирилген чыгымдын ордун толтуруу үчүн камсыздандыруу төлөмү берилген.
Натыйжада үй-бүлөгө 400 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу кенемтеси төлөнүп, учурда алар жаңы турак жайын тургузуп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык, төлөнгөн каражат келтирилген чыгымды толугу менен жаба албашы мүмкүн. Ошол эле учурда күтүлбөгөн кырсык учурунда мындай колдоо үй-бүлөнүн чыгымын азайтууга жардам берет.



