Бишкек шаарында ири эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү учурунда коррупциялык тобокелдиктерге жол бербөө маселеси талкууланды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрияда өткөн кеңешмеге муниципалитеттин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Жыйында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, ошондой эле ишкерлер менен иштөөдө мыйзам талаптарын так аткаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу ишкерлерге мыйзамда каралбаган талаптарды коюуга, аларды оңдоо жана көрктөндүрүү иштерине мажбурлоого, товар же кызмат сатып алууга милдеттендирүүгө, ошондой эле акча талап кылууга же чогултууга жол берилбестиги белгиленди.
Мэриянын маалыматына караганда, кызматтык абалынан пайдаланып ишкерлерге мыйзамсыз басым көрсөтүү, материалдык пайда талап кылуу же алардын мыйзамдуу ишмердигине тоскоолдук кылуу фактылары аныкталса, тиешелүү укуктук чаралар көрүлөт. Мындай материалдар мыйзамда белгиленген тартипте укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.
Жыйындын жыйынтыгында жетекчилерге карамагындагы кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүү, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылуу тапшырылды.
Мэриянын Коррупцияга каршы күрөшүү, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.



