Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары үчүн Россиядан 671 миң даана окуу китеби келди. Бүгүн китептерди кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий иш-чара өттү.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга 1-2 жана 5-класстын окуучулары үчүн «Орус тили жана окуу» предмети боюнча адаптацияланган окуу китептери алып келинди. Окуу китептери Кыргызстандын жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттарына, ошондой эле билим берүү программаларына ылайык эки өлкөнүн басма үйлөрүнүн кызматташтыгында даярдалган.
Долбоор Кыргызстандын жана Россиянын Агартуу министрликтеринин колдоосу менен ишке ашырылып, эки өлкөнүн билим берүү жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган.
Алдыдагы күндөрү окуу китептери Кыргызстандын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге жеткирилет.




