Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстан менен Россия агрардык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Россия агрардык кызматташтыкты кеңейтүү маселесин талкуулады

Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү маселелери талкууланды. Жолугушууда Россия Федерациясынын айыл чарба министри Оксана Лут менен кыргыз-орус агрардык кызматташтыгынын негизги багыттары каралды. Тараптар балык чарбасы, асыл тукум мал чарбачылыгы жана минералдык жер семирткичтерди жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Кыргыз тарап Россиянын өзгөчө экономикалык аймагында суу биоресурстарын кармоого Кыргызстанга жыл сайын квота берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул балыкты кайра иштетүүнү жана ата мекендик аквакультура тармагын өнүктүрүүгө шарт түзөрү белгиленди. Тараптар тиешелүү жол-жоболорду аяктап, сентябрь айында Санкт-Петербург шаарында өтө турган балык өнөр жай форумунун алкагында тиешелүү протоколго кол коюуга үмүттөнүшүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстан Россиядан 20 миң башка чейин асыл тукум бодо мал алып келүүгө жана асыл тукум майда жандыктар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушууда россиялык минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана кыргызстандык дыйкандарды туруктуу камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси да талкууланды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар