Кыргызстан нотариатты санариптик чөйрөгө өткөрүп, ашыкча административдик процедураларды кыскартып жана мамлекет менен кесипкөй нотариалдык коомчулуктун ортосундагы мамилелерди акырындап кайра куруп жатат.
«Бүгүн биз жаңы муундагы — жеткиликтүү, технологиялык жана адамга багытталган нотариатты калыптандырып жатабыз. Ошол эле учурда киргизилген ар бир технология мыйзамдуулукту, коопсуздукту жана жарандардын укуктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылышы керек», — дейт КР Юстиция министрлигинин Нотариат, юридикалык жактарды каттоо жана апостилдештирүү башкармалыгынын начальниги Элчибек Бекбоев.
Башкача айтканда, нотариустардын иштөө эрежелери, мамлекеттик контролдоо системасы, жарандардын документтерге жеткиликтүүлүгү жана нотариалдык ишмердүүлүктүн инфраструктурасынын өзү өзгөрүүдө.
Чек арасыз нотариалдык кызматтар
Өзгөрүүлөр чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарына өзгөчө тиешелүү. «Жаран, мисалы, Россияда жүрсө, ага консулдукка келүү, документти алуу, андан кийин аны бул жакка жөнөтүү керек болчу. Азыр мындай аракеттердин көбүн аралыктан жасоого болот», – деп белгилейт КР Нотариалдык палатасынын төрайымы Сымбат Рыскулова.
Жарандарынын олуттуу бөлүгү чет өлкөдө иштеген же туруктуу жашаган өлкө үчүн бул жөн гана ыңгайлуулук эмес. Кыргызстанга барбай туруп юридикалык мааниге ээ документти алуу мүмкүнчүлүгү убакытты жана акчаны түздөн-түз үнөмдөйт.
2025-жылдан тарта Кыргызстанда нотариалдык тейлөөнүн аралыктан форматы ырааттуу түрдө кеңейтилүүдө. 2026-жылдын мартында Юстиция министрлиги пилоттук режимде «Электрондук нотариат» мобилдик тиркемесин ишке киргизди.
Тиркеме аркылуу жашаган жери боюнча каттоо, паспорт жана жарандык алуу маселелери боюнча макулдуктарды, жашы жете электердин чыгуусуна жана коштоосуна макулдуктарды, ошондой эле мамлекеттик органдарда өкүлчүлүк кылуу жана бажылык тариздөө үчүн айрым ишеним каттарды тариздөөгө болот.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын 1-мартынан тартып мобилдик тиркеме аркылуу 800дөн ашык нотариалдык аракеттер жасалган.
Кагаз документтен санарипке карай
Эң олуттуу өзгөрүүлөр нотариалдык процедуранын ичинде болууда. Мурда анын жыйынтыгы эң оболу кол коюлган жана мөөр басылган документ болчу. Эми нотариалдык аракеттин артында бир топ көп маалымат калат: электрондук идентификация, мамлекеттик базалардан алынган маалыматтар, аракеттин аткарылган убактысы, каттоо
маалыматтары, ал эми айрым учурларда видеожазуу да калат.
2024-жылдын 1-февралынан тарта Нотариаттын жаңыртылган Бирдиктүү маалымат системасы иштеп жатат. Ал нотариалдык аракеттерди электрондук каттоону жана мамлекеттик маалымат системалары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Белгиленген жеткиликтүүлүктүн чегинде нотариустар жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттук эсеп, транспортту каттоо, кадастр жана башка мамлекеттик ресурстардын системаларынан керектүү маалыматтарды ала алышат.
Кыймылсыз мүлктү ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү жана керээздерди күбөлөндүрүүдө милдеттүү түрдө видео-
жазуу жүргүзүлөт. Инсанды аныктоо үчүн электрондук жана биометрикалык куралдар, анын ичинде Face ID жана Touch IDколдонулат.
«Биз нотариатты жөн гана санариптик форматка өткөрбөстөн, ишенимдин жаңы системасын түзүп жатабыз. Юстиция министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын арасынан биринчи болуп өз системасына блокчейн технологиясын киргизип, нотариалдык документтердин ишенимдүүлүгүнүн жана корголушунун жаўы деңгээлин камсыз кылды», – деп баса белгилейт Элчибек Бекбоев.
Мындай мамиле маалыматтарды уруксатсыз өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат жана системанын киберкоопсуздук деўгээлин жогорулатат.
«Азыр нотариус корголгон, биздин жарандар да корголгон. Электрондук каттоо аракеттерди убактысы боюнча бекитет. Эми жөн эле мурдагы дата менен бир нерсени өзгөртүүгө болбой калды», – дейт жеке нотариус Дамира Алсеитова.
Юстиция министрлигинде тармактык багытты мурда жетектеген эксперт Асель Абакированын айтымында, санариптик механизмдер нотариалдык практиканын эң сезимтал көйгөйлөрүнүн бирине – нотариалдык аракетти жасаган адамдын кимдиги жана анын эркин билдирүүсүнүн аныктыгы тууралуу талаштарга жооп болду.
«Жыйынтыгында санариптештирүү дароо эки багытта натыйжа берет. Ал кызматты жаран үчүн ыңгайлуураак кылат, бирок ошол эле учурда нотариустун өзүнүн корголуусун жогорулатат», – деп белгилейт Асель Абакирова.
Бирок санариптештирүү жаңы документтерге гана тиешелүү эмес. 2024-жылдан бери нотариалдык архивдерди санариптештирүү жүрүп жатат. Архивдик документтердин 12 миллиондон ашык электрондук образы түзүлдү. Система толгон сайын жарандар белгилүү бир нотариалдык кеңсеге же кагаз архивдин сакталган жерине байланбастан, айрым документтердин көчүрмөлөрүн алуу үчүн кайрылуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Маалымкат азыраак – жоопкерчилик көбүрөөк
Нараллелдүү түрдө мамлекеттик жөнгө салуунун логикасынын өзү да өзгөрүүдө. 2025-жылдын июнь айында Кабинет Министрлиги нотариалдык кеңселерге болгон талаптардан имараттардын санитардык, өрткө каршы жана электротехникалык талаптарга ылайыктуулугу жөнүндө мамлекеттик органдардын өзүнчө актыларын жана корутундуларын алуу зарылдыгын алып салды. Бул нормаларды сактоо жоопкерчилиги түздөн-түз нотариустун өзүнө жүктөлдү.
Бир караганда бул техникалык деталь. Бирок анын артында бюрократияны азайтуунун принциби турат: эгерде адис өз иши үчүн жооп берсе, мамлекетке ар бир аракетти өзүнчө маалымкат менен ырастоонун зарылдыгы жок.
Ошол эле учурда сөз контролдон баш тартуу жөнүндө жүргөн жок. Салыштырмалуу анын мүнөзү өзгөрүүдө: ортодогу макулдашуулар азыраак, нотариустун жеке жоопкерчилиги көбүрөөк.
Мисал келтирсек – алименттерди өндүрүү. 2025-жылы нотариустарга талашсыз учурларда алимент өндүрүү жөнүндө нотариалдык буйрукту тариздөө мүмкүнчүлүгү берилген. Эгерде аталык боюнча талаш жок болсо жана соттук кароону талап кылган башка жагдайлар болбосо, нотариус буйрукту үч күндүн ичинде чыгарат. Каршылык билдирүү мөөнөтү аяктагандан кийин документ сот аткаруучуларга өткөрүлүп берилет.
Мамлекеттикпи же жекеби?
Дагы бир маанилүү өзгөрүү нотариаттын түзүлүшүнүн өзүнө тиешелүү. Мурда мамлекеттик нотариус-тар мурастык иштерди жүргүзүүгө өзгөчө укукка ээ болушкан. Реформадан кийин жеке нотариустар зарыл болгон даярдыктан жана сертификациядан өтүү шарты менен мындай мүмкүнчүлүккө ээ болушту.
«Бул чоң кадам болду. Жеке нотариустар мамлекеттик нотариустар менен дээрлик бирдей мүмкүнчүлүктөрдү алышты», – дейт Дамира Алсеитова.
Жарандар үчүн бул эн оболу кызматты алуунун көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрүн билдирет. Мамлекет үчүн – нотариалдык кызматтардын бир бөлүгүн түздөн-түз көрсөтүүдөн бара-бара арылуу.
Асель Абакирова белгилегендей, мамлекеттик нотариустар бүгүн жеке адистер жетишсиз болгон жерлерде өзгөчө маанилүү.
«Мамлекет бул системадан чыгып кетпейт. Анын ролу өзгөрүүдө: ал эрежелер, контролдоо жана коопсуздук үчүн барган сайын көбүрөөк жооп берет, ал эми жарандар менен түздөн-түз иштин олуттуу бөлүгүн жеке нотариустар аткарышат», – деп кошумчалайт ал. Иш жүзүндө нотариаттын моделинин өзү өзгөрүүдө.
Кесипке бирдиктүү үн керек
2023-жылы бирдиктүү Нотариалдык палата түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Палата мыйзамдарды талкуулоого катышат, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет, кесиптик даярдоо менен алектенет. Анын базасында нотариат мектеби иштейт.
2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Нотариалдык палатасы Эл аралык нотариат союзунун 93-мүчөсү болду. Кыргызстанга келип кеткен Эл аралык нотариат союзунун президенти Давид Фигероа Маркес: «Кыргыз Республикасынын Нотариалдык палатасы татыктуу деңгээлде турат. Бирок эл аралык интеграция – бул кесиптик таануу гана эмес. Андан аркы кызматташуу маселелеринин арасында – кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү жана нотариалдык операциялардын финансылык коопсуздугун жогорулатуу бар», – деп белгиледи.
«Документтин ишенимдүүлүгү бүгүн анын формасынын тууралыгын гана билдирбейт. Мисалы, кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү жасоодо нотариустар кардарды тийиштүү түрдө текшерүү чараларын колдонушат, анткени бул нотариалдык аракет жогорку тобокелдик категориясына кирет жана мыйзамда каралган негиздер болгондо акча каражаттарынын келип чыгуу булагын аныкташат. Бул мыйзамдуу жүгүртүүнү коргоонун жалпы системасынын бир бөлүгү», – дейт Элчибек Бекбоев.
Демек, кызматтын ыўгайлуулугу бүтүмдүн өзүнүн коопсуздугу менен барган сайын тыгыз байланышууда.
Санариптештирүү кайсы жерден аяктайт
Бирок санариптик нотариаттын да чектери бар. «Ар бир нотариалдык аракет автоматтык түрдө аралыктан аткарылуучу болуп калбашы керек. Бир катар учурларда нотариус адамдын эркин жана аң-сезимдүү эрк билдирүүсүнө ынанышы, укуктук кесепеттерин түшүндүрүшү жана үчүнчү тараптардын кысымын жокко чыгарышы үчүн жеке катышуу зарыл», – деп белгилейт Элчибек Бекбоев.
Бул маанилүү эскертүү. Нотариатты санариптештирүү адам нотариалдык процедурадан таптакыр жоголушу керек дегенди билдирбейт. Технология ашыкча кагаз иштерин алып салып, кызматка чейинки жолду кыскартышы керек, бирок жеке катышуу укуктук кепилдиктин бир бөлүгү болуп саналган жерлерде ал сакталышы зарыл.
Реформанын башкы багыты
Бүгүнкү күндө реформанын башкы багыты көрүнүп турат. Чет өлкөдө жүргөн адамга нотариалдык документ үчүн Кыргызстанга баруунун кереги жок. Эски документтин көчүрмөсүн кагаз архивдин сакталган жерине байланбастан алууга болот. Алиментти талашсыз өндүрүү үчүн дайыма эле соттон процедура баштоо талап кылынбайт. Нотариуска электрондук маалыматтар менен иштөө жеңилирээк болуп калды, ал эми мамлекетке бирдиктүү системада процесстерди көрүү жана контролдоо оңойлошту.
Бул, кыязы, болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн башкы мааниси. Кыргызстан кагаздын, кезектердин жана көптөгөн формалдуулуктардын айланасында курулган нотариаттан юридикалык коопсуздук санариптик технологияларга жана кесиптик жоопкерчиликке таянган системага бара-бара өтүүдө.
Рахат Бейсебаев, “Кыргыз-Туусу”



