Башкы беткеЭкономикаМонголия Кыргызстанга эл аралык ат спорт комплексин курууну сунуштады

Монголия Кыргызстанга эл аралык ат спорт комплексин курууну сунуштады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ички Монголиянын Талаа маданиятын коргоо жана өнүктүрүү фондунун жана Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда чет элдик өкүлдөр Кыргызстанда Эл аралык ат спорт комплексин түзүү боюнча демилгесин тааныштырышты.

Долбоордо эл аралык деңгээлдеги ипподром, машыгуу базалары жана атканалар, ветеринардык жана селекциялык-генетикалык борборлор, мейманкана, кыргыз жылкы чарбасынын тарых музейи жана башка инфраструктураларды куруу каралган. Алдын ала комплекс үчүн болжол менен 70 гектар жер каралууда. Долбоор 30 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибуналарды, 3 миңге чейин жылкы багууга шарт түзгөн жайларды жана 500дөн ашык орундуу мейманкананы камтыйт.

Равшанбек Сабиров жылкы чарбасы жана ат маданияты кыргыз элинин тарыхый-маданий мурасында өзгөчө орунда турарын белгилеп, долбоорду экономикалык жактан негиздүү жана өлкөнүн мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Келечекте комплексте эл аралык мелдештерди, асыл тукум жылкылардын көргөзмөлөрүн жана аукциондорун өткөрүү пландалууда. Долбоор ат спортун, асыл тукум жылкы чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө да салым кошору күтүлүүдө.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду мындан ары иштеп чыгууга, анын ичинде техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого, жер тилкесин аныктоого жана инвестициялык моделин иштеп чыгууга макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар