Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров: Кыргызстанда туризм тармагындагы адистерге суроо-талап өсөт

Садыр Жапаров: Кыргызстанда туризм тармагындагы адистерге суроо-талап өсөт

Президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде Кыргызстанда жакынкы жылдары “туризм тармагындагы адистерге суроо-талап көбөйөрүн” билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу жана өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши туризм тармагын өнүктүрүүгө да оң таасирин тийгизет.

«Мурда экономист, юристтер көп болсо, мындан ары туризм тармагына ыкташыбыз керек. Жаштар туризм боюнча билим алып, конокторду тосуп алуу жана аларга сапаттуу кызмат көрсөтүүнү үйрөнүшү зарыл», – деди Жапаров.

Президент өлкөдө жаңы мейманканалар жана туристтик объектилер курулган сайын аларда иштей турган квалификациялуу кадрларга болгон муктаждык да жогорулай турганын белгиледи.

Анын пикиринде, “туризмди өнүктүрүү Кыргызстан үчүн келечектеги негизги экономикалык багыттардын бири”.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар