15-августта Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдалып жаткан бир катар объектилердин абалын текшерди.
Алгач Касымалиев Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун даярдыгы менен таанышты. Бул жерде оюндардын расмий илимий программасынын алкагында «Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек» аттуу эл аралык илимий конференция өтөт.
Борбордун аймагына «Улуу тоолор баяны» чакырыгынын алкагында 16 скульптуралык композиция жана 7 кум скульптурасы орнотулду.
Мындан тышкары, МинКаб төрагасы Чолпон-Ата шаарындагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин «Газпром» имаратын, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборундагы (ипподром) курулуш иштерин көрдү. Ошондой эле ат спорту боюнча мелдештер өтө турган аренанын курулуш долбоору жана «Nomad» этнокомплексинин абалы менен таанышты.
Сапардын соңунда Касымалиев Кырчын жайлоосундагы даярдык иштерин текшерди. Анда этношаарча куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке Көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун жогорку деңгээлде тосуп алуу, коопсуздукту камсыз кылуу, аймактарды көрктөндүрүү жана инфраструктуралык иштерди өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү тапшырылды.



