Башкы беткеМинистрлер кабинетиТаласта жол курулуштарынын сапаты жана мөөнөтү текшерилди

Таласта жол курулуштарынын сапаты жана мөөнөтү текшерилди

Талас облусунда бир катар жол объектилеринде аткарылып жаткан курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Бактылуу Момбеков иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз жана Талас – Беш-Таш унаа жолдорундагы иштердин абалы менен таанышты.

Ошондой эле «Чыңгыз Ааламы» жана «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплекстерине алып баруучу жолдордун курулушу каралды. Анын ичинде «Чыңгыз Ааламына» кирүүчү жол, «Манас-Ордонун» кирме жана айланма жолдорундагы иштер текшерилди.

Мындан тышкары, Кировка – Гребень – Плотина унаа жолундагы курулуш иштеринин сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы боюнча маалыматтар угулду.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге жана подрядчы уюмдардын өкүлдөрүнө курулуштун сапатын камсыз кылуу, мөөнөттөрдү так сактоо жана пландалган иштерди өз убагында бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

«Жол куруудагы негизги талап — сапат. Ар бир объект боюнча көзөмөл күчөтүлүп, аткарылып жаткан иштер туруктуу негизде текшерилип турушу керек», — деди Бактылуу Момбеков.

Министрлик жол объектилериндеги иштердин сапатына жана алардын белгиленген мөөнөттө аякташына көзөмөлдү улантарын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар