14-августта Алматыда ЕАЭБдин Агроөнөр жай саясаты боюнча кеңешинин 7-жыйынынын алкагында бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү Казакстандын айыл чарба тармагындагы алдыңкы илимий иштелмелери жана заманбап технологиялары менен таанышты.
Иш-чарага Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — министр Эрлист Акунбеков, ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян жана Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут катышты.
Делегация Казак улуттук агрардык изилдөө университетине жана «Улуттук агрардык илимий-билим берүү борбору» ААКна барып, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган илимий иштелмелер жана инновациялык чечимдер менен таанышты.
Ошондой эле кургакчыл аймактарда айыл чарбасын натыйжалуу жүргүзүүгө багытталган казак-кытай биргелешкен лабораториясынын иши жана эл аралык билим берүү долбоорлору көрсөтүлдү.
Жолугушууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий потенциалын бириктирүү, заманбап технологияларды киргизүү жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрүү, ошондой эле агроөнөр жай комплекси үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.



