Башкы беткеМинистрлер кабинетиБишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү айрым жолдордо кыймыл убактылуу чектелет

Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү айрым жолдордо кыймыл убактылуу чектелет

29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жол тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, чектөөлөр мамлекеттик иш-чараларга байланыштуу киргизилип, жолдор маал-маалы менен жабылып турат.

Бул күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Ички иштер министрлиги айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү каттамдарын алдын ала пландап, чектөө киргизиле турган жол тилкелери аркылуу жүрүүдөн мүмкүн болушунча баш тартууга чакырды.

Ошондой эле жарандардан жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруу суралды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар