ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу “Манас” эл аралык аэропорту 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында өзгөчө иш режимине өтөт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчыларынын жана расмий делегациялардын аба кемелерин кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылуу максатында күндүзгү убакта туруктуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилет.
“31-августта чектөөлөр саат 09:00дөн 20:00гө чейин киргизилет. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында саммиттин катышуучуларынын келишине байланыштуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектелет. 1-сентябрда аэропорт өзгөчө режимде ишин улантат. Жүргүнчүлөр каттамдарын аткарууга коюлган чектөөлөр саат 10:00дөн 22:00гө чейин колдонулат”, – деп айтылат маалыматта.
Аэропорт бул убакыттан тышкары кадимки режимде иштеп, жүргүнчүлөр каттамдарын тейлөөнү улантат.
“Кыргызстан аэропорттору” авиакомпаниялар менен каттамдардын жадыбалын тактоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. Айрым каттамдардын учуу убактысы өзгөртүлүшү же зарыл болгон учурда убактылуу токтотулушу мүмкүн.
31-август жана 1-сентябрда учууну пландаган жүргүнчүлөргө каттамынын статусун авиакомпаниядан алдын ала тактап, мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү эске алуу сунушталды.



