Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоо жана минималдуу пенсияны 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, индексация коэффициенти 1,20 болуп, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 20 пайызга көбөйөт.
Индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетери күтүлүүдө. Орточо өсүш 1 753 сомду түзөт.
Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча эсеп-кысаптарды жана каржылык камсыздоону толук даярдап, пенсияларды өз убагында төлөөнү камсыз кылууну тапшырды.
Аппараттык кеңешмеде мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы да талкууланды. Касымалиев бардык аймактардагы мектептердин даярдык деңгээлин тез арада тактоону тапшырды.
Курулуш жана оңдоо иштери аяктай элек мектептерди өзгөчө көзөмөлгө алып, мөөнөтүн кечиктирүү тобокелдиктерин жоюу, ошондой эле билим берүү мекемелерин эмерек, окуу жабдуулары жана зарыл инфраструктура менен толук камсыздоо тапшырылды.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага жаңы окуу жылынын башында курулуш, оңдоо же жабдуу иштеринен улам окуу процессине тоскоолдук жаралбашын камсыз кылуу тапшырылды.



